Израиль күчтөрү 2 палестиналыкты өлтүрдү

Израиль полициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 3 палестиналыктын Батыш Шерианын Женин шаарына жакын чек ара полициясына таандык базага ок аткандыгы билдирилди.

1635966
Израиль күчтөрү 2 палестиналыкты өлтүрдү

Израиль күчтөрү оккупацияга алынган Батыш Шериада куралдуу кол салды деген негиз менен 2 палестиналыкты өлтүрүп, бирөөсүн жаралады.

Израиль полициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 3 палестиналыктын Батыш Шерианын Женин шаарына жакын чек ара полициясына таандык базага ок аткандыгы билдирилди.

Маалыматта ок аткандардын «таасирсиз абалга келтирилгендигине» орун берилип, Израиль  басма сөзү чыккан кагылышууда 2 палестиналыктын каза болгондугун, бирөөсүнүн да оор жаралангандыгын маалымдады.  

Жаралуу палестиналыктын Израилдеги бир ооруканага алып барылгандыгы белгиленип, окуя тууралуу Палестина мекемелеринен азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар