Европа өлкөлөрүнөн Израилге чакырык

Беш өлкө биргелешкен билдирүү жарыялады.

1635621
Европа өлкөлөрүнөн Израилге чакырык

Франция, Германия, Испания, Италия жана Британия Израилди басып алынган Палестина жерлерине жаңы конуштарды куруу чечиминен баш тартууга чакырышты.

Беш өлкө жазуу түрүндөгү биргелешкен билдирүүсүндө, Израилден Хар Хомада 540 жаңы конуш куруу чечиминен баш тартууну жана басып алынган палестин жерлериндеги калктуу конуштарды кеңейтүү саясатын токтотууну талап кылышты.

Бул конуштар эл аралык мыйзам жагынан легитимдүү эмес жана Израиль-Палестина маселесине чечим табуу келечегине коркунуч туудурат деп айтылган билдирүүдө, Чыгыш Кудс менен Бейтүллахимдин ортосунда жайгашкан Хар Хома аймагындагы конуштарды кеңейтүү чечиминин ишке ашырылышынын Кудстун Израиль жана Палестинанын борбору болуу перспективасын буза турганы жана эки тараптын ортосундагы ишенимди бекемдөө аракеттерине зыян келтире тургандыгы айтылды.

Билдирүүдө тараптарга бир жактуу демилгеден баш тартуу жана эки мамлекеттүү чечим үчүн ишенимдүү диалогду кайрадан баштоо чакырыгы салынды.



Тектеш кабарлар