АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Украинада

Сапардын алкагында Блинкен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да жолугушат.

1635208
АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Украинада

Вашингтон-Москва багытында чыңалуу уланып жатканда, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Баш калаа Киевдеги сүйлөшүүлөрүн украин кесиптеши Дмитро Кулеба менен жолугушуудан баштаган Блинкен, өлкөсүнүн Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыгын кайталады.

Сапардын алкагында Блинкен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да жолугушат.

Владимир Зеленский өлкөсүнүн НАТОго мүчө болушу үчүн Вашингтондон колдоо күтүп жатышканын айткан эле. 

Жикчилдер менен болгон тирештен улам Украинанын президентинин Вашингтондон аскерий жардам сурашы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар