Нигерде куралдуу кол салуу: 20 адам каза болду

Өлкөнүн батышында соңку кездери зордук-зомбулук күч алууда.

1634371
Нигерде куралдуу кол салуу: 20 адам каза болду

Нигердеги куралчан адамдардын кол салуусунан 16 аскер жана 4 жайкын тургун каза болду.

Армиянын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, 200гө жакын куралчан адам өлкөнүн батышындагы Банибангу аймагына кол салышты жана коопсуздук күчтөрүнүн жооп кайтаруусу менен кагылышуу чыкты.

Билдирүүдө кагылышуу учурунда 16 аскер жана 4 карапайым адам каза болуп, айрым жоокерлердин дайынсыз жоготулгондугу айтылды.

Өлкөнүн батышында соңку кездери зордук-зомбулук күч алууда.

1-майда Тахоуа аймагында аскерлерге куралдуу кол салуу болуп, 16 жоокер курман болгон.

Сахел аймагында "3 мамлекеттин чек арасы" деп аталган Буркина-Фасо, Мали жана Нигер акыркы жылдары террордук уюм Аль-Каидага мүчө топтор менен ДЕАШтын кол салууларына дуушар болууда.



Тектеш кабарлар