Эң көп вакцина берилген Сейшеллдерде чаралар күчөтүлүүдө

Өлкөдөгү бардык мектептер 3 жумага жабылып, бардык спорттук иш чаларга да тыюу салынды.

1634668
Эң көп вакцина берилген Сейшеллдерде чаралар күчөтүлүүдө

Дүйнөдө калкынын санына салыштырмалуу эң көп Ковид  - 19 вакцинасы берилген өлкө Сейшеллдер болуп, бейтап санындагы өсүүнү алдына алуу үчүн кайрадан катуу чараларды көрүүгө өтүлдү.

Өлкөдө өзгөчө кырдаалдар боюнча иштеген кызматкерлерден башка баарынын үйдө иштөөсү жана жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00дөн тарта коменданттык сааттын киргизилишине чечим чыгарылды.

Өлкөдөгү бардык мектептер 3 жумага жабылып, бардык спорттук иш чаларга да тыюу салынды.

Өлкөдө берилген вакциналардын көбүн AstraZeneca менен Кытай чыгарган Sinopharm вакциналары түзүүдө. Сейшеллдерде 97 000 калктын 85 пайызы кош дозада эмдөөдөн өткөн.



Тектеш кабарлар