Мексикада метронун эстакадасы кулады

Кырсыкта 15 киши каза болуп, 70 киши да жаракат алды.

1633570
Мексикада  метронун эстакадасы кулады

Мексикада метро эстакадасы кулап 15 киши каза болуп, 70 киши да жаракат алды.

Өлкөнүн маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда жетекчилер борбор шаар Мексикодо оңдоп  - түзөө иштери жүрүп жаткан метронун эстакадасынын бир бөлүгүнүн үстүндөрү поезд вагондору менен кулагандыгын билдиришти. Жетекчилер вагондордун эстакаданын астындагы жолдогу унаалардын үстүнө түшкөндүгүн айтышты.

Кырсыкта 15 кишинин каза болгондугу, 70 кишинин жаралангандыгын белгилеген жетекчилер эстакаданын жолдон бийиктиги 5 метрге жакын экендигин билдиришти.

Окуя болгон жерге куткаруу топтору жиберилип,  издөө – куткаруу иштери башталды.



Тектеш кабарлар