Кытайдын Мьянма боюнча сунушу

Май айында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезектеги төрагалыгына өткөн Кытайдын БУУдагы  элчиси Чжан Жун маалымат жыйынында күн тартибиндеги суроолорго жооп берди.

1633381
Кытайдын Мьянма боюнча сунушу

Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Жун, Мьянмадагы аскердик төңкөрүштөн кийинки ар кандай кийлигишүү башаламандыкка алып келе тургандыгын жана чыңалууну андан ары күчөтө турганын белгилеп кризисти чечүүдө регионалдык уюмдар көбүрөөк роль ойношун сунуш кылды.

Май айында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезектеги төрагалыгына өткөн Кытайдын БУУдагы  элчиси Чжан Жун маалымат жыйынында күн тартибиндеги суроолорго жооп берди.

Кытай Мьянмада жарандык согуштун башталышына тынчсызданып жатабы же жокпу деген суроого жооп берген Чжан, Мьянма көптөгөн этникалык азчылыктарды камтыган өлкө экендигин, ар кандай мыйзам бузуулар башаламандыкка алып келип, чыңалууну дагы күчөтөрүн эскертти.

Кытайдын кризисти жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын белгилеген Чжан: «Аймактагы өлкөлөр, регионалдык уюмдар региондук көйгөйлөрдү чечүүдө чоң роль ойношу керек, анткени алар кырдаалды жакшы түшүнүшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар