Геманияда ашкере оңчулдар 2020 - жылы 23 604 кылмыш жасашты

Германияда ашкере оңчулдардын  2020-жылы 23604 кылмыш жасашканы, акыркы 20 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткендиги белгиленди.

1633817
Геманияда ашкере оңчулдар 2020 -  жылы 23 604 кылмыш  жасашты

Германияда ашкере оңчулдардын  2020-жылы 23604 кылмыш жасашканы, акыркы 20 жылдагы эң жогорку деңгээлге жеткендиги белгиленди.

Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер "Саясий кылмыштар боюнча 2020-жылдагы отчетун" таанытууда  сөз сүйлөдү.

Бардык чектен чыгуулардын Германия коомуна коркунуч туудурарын белгилеген Зеехофер : «Ашыкча оңчулдар өлкөбүздө  эң чоң коопсуздук коркунучу болууну улантууда», - деди.

2020-жылы статистикага 23 604 ашкере оңчул кылмыш киргендигин белгилеген Зеехофер, бул 2001-жылдан берки эң жогорку деңгээл экендигин баса белгиледи.

Министр Зеехофер ашынган оңчулдардын зомбулукка айланган аракеттери өткөн жылга салыштырмалуу 10,8 пайызга көбөйүп, 1092ге жеткенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар