НАСАнын жаңы башчысы астронавт Нельсон болду

АКШ Сенатында өткөн добуш берүүдө Нельсондун талапкерлиги бир добуштан кабыл алынды.

1631983
НАСАнын жаңы башчысы астронавт Нельсон болду

АКШдагы мурунку астронавт жана Флорида штатынын экс-сенатору Билл Нельсон, Улуттук Авиация жана Космос агенттигинин (НАСА) жаңы башчысы болду.

АКШ Сенатында өткөн добуш берүүдө Нельсондун талапкерлиги бир добуштан кабыл алынды.

Нельсонду АКШнын президенти Жо Байден сунуш кылган жана Сенаттын Соода Комиссиясы 28-апрелде талапкерлигин кабыл алып Сенаттын бекитүүсүнө жиберген.

78 жаштагы Нельсон НАСАнын 14-жетекчиси болду.



Тектеш кабарлар