Жаныбарларды коронавирустан коргой турган биринчи вакцина чыгарылды

20га жакын уюм Carnivac-Cov вакцинасын бекитүү жана өз өлкөлөрүнө жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти.

1631454
Жаныбарларды коронавирустан коргой турган биринчи вакцина чыгарылды

Россия жаныбарларды коронавирустан (Ковид-19) коргой турган биринчи вакцинаны чыгарды.

Россиянын айыл чарба жана ветеринардык азыктар боюнча инспектору Россельхознадзор, Ковид-19 оорусун жаратуучу Sars-Cov-2 коронавирусунан жаныбарларды коргой турган Carnivac-Cov деп аталган вакцинанын биринчи партиясынын 17 миң доза түрүндө өндүрүлгөнүн билдирди.

Россельхознадзордун кеңешчиси Юлия Мелано, учурда бир айда 3 миллион доза вакцина өндүрүп чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин жана аны талап боюнча 5 миллион дозага чейин көбөйтүүгө болорун айтты.

Мелано ошондой эле Германия, Греция, Польша, Австрия, Казакстан, Тажикстан, Малайзия, Таиланд, Түштүк Корея, Ливан, Иран жана Аргентинадагы компаниялар вакцинаны сатып алгысы келип жаткандыгын билдирди.

Россельхознадзордун кеңешчиси: «20га жакын уюм Carnivac-Cov вакцинасын бекитүү жана өз өлкөлөрүнө жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти. Вакцинанын Европа Биримдиги баш болгон өлкө тышында бекитилиши үчүн талап кылынган файл даярдалууда жана ал вакцинаны бекитүү процессинде колдонулат»,-деди.

Carnivac-Cov деп аталган вакцина Россияда март айында катталып, анын сыноолор учурунда иттерде, мышыктарда, түлкүлөрдө жана норколордо коронавируска каршы антитело иштеп чыккандыгы аныкталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери коронавирустун адамдар менен жаныбарлардын ортосундагы жугуусунан чочулап жатышканын билдиришкен эле.

Россельхознадзордун кызматкерлери болсо Carnivac-Cov вакцинасы тукуму азайып бараткан жаныбарлардын түрлөрүн коргой алат жана вирустун мутациясын алдын алат деп ишендиришет.



Тектеш кабарлар