Pfizer менен AstraZeneca коронавирустун үй - бүлө ичинде жугуу коркунучун азайтууда
Британиядагы Элдин саламаттыгын сактоо мекемеси жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде эмдөөдөн өткөн бир кишинин 3 жумадан кийин эмдөөдөн өтпөгөн кишилерге караганда вирусту жуктуруу ыктымалынын 38 - 49 пайызга аз экендиги белгиленди.
Британияда окумуштуулар Американын фармацевтика фирмасы Pfizer менен Британия - Швеция фармацевтика фирмасы AstraZeneca тарабынан Ковид - 19га каршы чыгарылган вакцинанын бир дозасы гана берилген кишилерде вирусту башка үй - бүлө мүчөлөрүнө жуктуруу мүмкүнчүлүгүн 50 пайызга азайткандыгын ортого салды.
Британиядагы Элдин саламаттыгын сактоо мекемеси жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде эмдөөдөн өткөн бир кишинин 3 жумадан кийин эмдөөдөн өтпөгөн кишилерге караганда вирусту жуктуруу ыктымалынын 38 - 49 пайызга аз экендиги белгиленди.
Иликтөөнүн негизинде 24 000 үйдөн эмдөөдөн өткөн 57 000 киши изилдөөгө алынды. Иликтөөгө катышкан кишилер эмдөөдөн өтпөгөн 1 миллион киши менен салыштырылды.
Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок берген маалыматында иликтөөнүн вакцинанын вирустун жугушуна тоскоол болгондугун көрсөткөн эң кеңири маалыматтарды бергендигин баса белгиледи.