Япония RCEP  келишимин жактырды

Япония парламенти Азия Тынч океанындагы 15 өлкөнү камтыган Аймактык Ар тараптуу Экономикалык Өнөктөштүк келишими RCEPни  ратификациялады.

1629898
Япония RCEP  келишимин жактырды

Япония парламенти Азия Тынч океанындагы 15 өлкөнү камтыган Аймактык Ар тараптуу Экономикалык Өнөктөштүк келишими RCEPни  ратификациялады.

Япония парламентинин жогорку канатынын кеңешүү парламенти Сангиин өлкөнүн «дүйнөнүн эң чоң эркин соода келишими» катары билинген RCEP  келишимине кошулушун жактырды.

Коомдук NHK телекөрсөтүүсү өкмөттүн келишим түзө турган экспорт, инвестиция жана керектөө мүмкүнчүлүктөрү менен өлкөнүн улуттук кирешесинин 2,7 пайызга жогорулашын күтүп жаткандыгын билдирди.

Киодо агенттигинин маалыматына ылайык, RCEP Япониянын "ири соода өнөктөшү" Кытай жана "үчүнчү ири соода өнөктөшү" Түштүк Корея менен болгон алгачкы соода келишими болот.

Товардык соода үчүн тарифтерди бир кыйла төмөндөтөрү күтүлүп жаткан RCEP, дүйнө калкынын жана сооданын 30 пайызын камтыган эркин зонаны түзүүнү пландаштырууда.

Тынч океанында Кытай, Түштүк Корея, Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы АСЕАНка мүчө 10 мамлекет 2020 -  жылы RCEP меморандумун түзүшкөн.



Тектеш кабарлар