Эрсин Татар Кипрде туруктуу чечүүчү жол үчүн 6 сунуш берди

Сунушта «Мамлекеттин бардык сапаттарына ээ болгон Кипр түрк тарабы, Рум тарабы ээ болгон жана учурда колдонуп жаткан укуктарга жана статуска ээ» экендигине басым жасалды.

1630303
Эрсин Татар Кипрде туруктуу чечүүчү жол үчүн 6 сунуш берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар Швейцариянын Женева шаарында өткөн расмий эмес Кипр конференциясында Кипрге туруктуу чечүүчү жол үчүн 6 пункттан турган сунушту Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерришке сунуш кылды.

Президент Татар тарабынан сунушталган «Кипр түрк тарабынын туруктуу келишим түзүү сунушу» деген аталышта төмөнкү сөздөр камтылган: «Кипр түрк сунушунун маңызы Кипр түрк элине мүнөздүү эгемендик теңчиликти жана бирдей эл аралык статусту таануу болуп саналат. Ошентип, аралдагы азыркы эки мамлекеттин ортосунда кызматташтык мамилеси түзүлүшү мүмкүн. Бул чын жана туруктуу чечүүчү жолго карай натыйжа алыыга багытталган жана белгилүү бир убакыт аралыгын камтыган сүйлөшүүлөрдүн жолун ачат».

Сунушта «Мамлекеттин бардык сапаттарына ээ болгон Кипр түрк тарабы, Рум тарабы ээ болгон жана учурда колдонуп жаткан укуктарга жана статуска ээ» экендигине басым жасалды.

Сунушта, Женевадагы жолугушуулардын Кипр түрк элине каршы уланып жаткан чоң акыйкатсыздыкты жоюу үчүн гана эмес, ошондой эле туруктуу чечим жолунда ийгиликсиздиктин түпкү себептерин жоюу үчүн да керектүү кадамдарды жасоо үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк экендиги баса белгиленди.

Кипрдик түрктөрдүн сунушунда, аралдагы эки мамлекеттин ортосунда эгемендүүлүктүн теңдигине жана бирдей эл аралык статуска негизделген кызматташтыкка багытталган мамилелерди түзүүнү максаттаганы айтылган.

Гутерришке берилген 6 пункттан турган сунушта, кызматташуу мамилелери төмөнкү принциптерге жана эрежелерге негизделиши керектиги баса белгиленди:

 

1. Башкы катчы Коопсуздук Кеңешине эки тараптын эл аралык бирдей статусун жана суверендүү тең укуктуулугун кепилдеген резолюцияны кабыл алуу демилгесин көтөрөт. Мындай чечим учурдагы эки мамлекеттин ортосунда кызматташуу мамилесин орнотуу үчүн жаңы негиз түзөт.

 

2- Жогоруда айтылган макулдашуу менен эки тараптын бирдей эл аралык статусун жана суверендүү тең укуктуулугун камсыз кылгандан кийин, алар БУУнун Башкы катчысынын колдоосу астында өз ара алгылыктуу кызматташтык келишимин түзүү максатында натыйжага багытталган жана мезгил-мезгили менен сүйлөшүүлөрдү башташат.

 

3- Сүйлөшүүлөрдө эки көз карандысыз мамлекеттин келечектеги мамилелери, мүлк, коопсуздук жана чек араларды жөнгө салуу, ошондой эле ЕБ менен болгон мамилелер талкууланат.

 

4- Сүйлөшүүлөрдү Түркия, Греция жана Улуу Британия, ошондой эле ЕБ байкоочулар катары ылайыктуу учурларда колдойт.

 

5- Кандай гана келишим болбосун, эки мамлекет бири-бирин тааныйт, үч кепил мамлекет аны колдойт.

 

6. Ушул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген бардык макулдашуулар эки мамлекетте бир эле мезгилде өткөрүлүп жаткан референдумдарда өзүнчө бекитилет.

 

БУУнун Женевадагы кеңсесинде уланган конференция эртең аяктайт.



Тектеш кабарлар