Африкадагы "керемет" үңкүрдө 1, 8 миллион жылдык таш шаймандар табылды

Спутник Калахари чөлүндөгү белгилүү археологиялык аймак болгон Вондерверк үңкүрүндө казуу иштеринин улантылып жатканын билдирди.

1630024
Африкадагы "керемет" үңкүрдө 1, 8 миллион жылдык таш шаймандар табылды

Түштүк Африкадагы «керемет» үңкүрдө 1, 8 миллион жыл мурда жасалган таш шаймандары табылды.

Спутник Калахари чөлүндөгү белгилүү археологиялык аймак болгон Вондерверк үңкүрүндө казуу иштеринин улантылып жатканын билдирди.

Иерусалимдеги Еврей университети жана Торонто университетинен бир группа геолог жана археологдор  африкалыктардын тилинде  "керемет" дегенди билдирген жер астындагы үңкүрдөн адамдардын ишмердүүлүгүнүн алгачкы далилдери табылганын жарыялады.

Группа таш шаймандар, жаныбарлардын калдыктары жана тарыхтан мурунку турмуштун издерин камтыган 2 ,5 метр калыңдыктагы чөкмө катмарларды талдап чыкты.

1.8 миллион жылдык  жөнөкөй таш куралдары жана 1 миллион жыл мурун от жагылгандыгын тастыктаган далилдердин бар экендиги билдирилди.

Африканын башка аймактарында дагы эски таш шаймандардын табылганына карабастан жаңы табылганын бир үңкүрдө табылышы абдан маанилүү экендиги билдирилди.

Ачык абада табылган ушуга окшогон күл издери табигый токой өрттөрүнүн жыйынтыгы катары аныкталып, үңкүрдүн ичиндеги күл калдыктарынын ичкериде бир өрттүн чыгышынын далили болушу жактан маанилүү экендиги маалымдалды.

Израиль медиасы да үңкүрдү «адамзат тарыхынын эң эски үйү» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар