«Англия ТКТРны көзкарандысыз өлкө катары таанууну ойлонуп жатканы» жөнүндө аңыз-кептер бар

Бул тууралуу Британиянын The Sunday Express гезитинин Жонсон өкмөтүнө жакын булактарга таянып берген кабарында орун алган.

1628320
«Англия ТКТРны көзкарандысыз өлкө катары таанууну ойлонуп жатканы» жөнүндө аңыз-кептер бар

Британиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасын (ТКТР) көзкарандысыз өлкө катары таанууну ойлонуп жатканы айтылды.

Британиянын The Sunday Express гезитинин Жонсон өкмөтүнө жакын булактарга таянып берген кабарында Швейцариянын Женева шаарында 27-29-апрелде боло турган Кипр боюнча расмий эмес сүйлөшүүлөр күтүлүп жаткандыгы айтылган.

Жолугушууда бир пикирге келе алышпаса, Улуу Британия Түндүк Кипр Түрк Республикасын көз карандысыз өлкө катары расмий тааный турганы белгиленди. Бул аралдагы тараптардын тең салмактуулугун камсыз кылган кадам болоору белгиленди.

Гезитке караганда, расмий таанылган учурда Англия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда түз каттамдар башталат.

Кабарда, түз авиакаттамдар башталса ТКТРнын британиялыктар үчүн популярдуу эс алуучу жайга айланары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар