Франциядагы түрктөр Чадда 250 үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты

Коомдун төрагасы Мехмет Йылмаз, Чадда 4 суу кудугун ачкандарын жана жетим балдар үчүн ифтар программасын уюштургандарын айтты.

1627303
Франциядагы түрктөр Чадда 250 үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты
cad yardim.jpg

Францияда түрк кайрымдуу адамдар тарабынан негизделген 1 Мүнөт коому Борбордук Африка өлкөсү Чаддагы 250 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.

Коомдун төрагасы Мехмет Йылмаз Анадолу Агентсттигине (AA) жасаган билдирүүсүндө, Рамазан айына карата биринчи жолу барган Чадда 4 суу кудугун ачкандарын, жетим балдар үчүн ифтар программасын уюштургандарын айтты.

Кайрымдуу адамдардын жардамы менен сатылып алынган азык-түлүк пакеттерин жардамга муктаж 250 үй-бүлөгө жеткиргендерин белгилеген Йылмаз: «Чад элинин жылуу кабыл алуусуна жана түрктөргө болгон боордоштук сезимине абдан кубандык. Чадда гуманитардык жардам иш-аракеттерибизди улантып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкубуз келет»,- деди.



Тектеш кабарлар