Орусия 10 америкалык дипломатты депортациялоо чечимин АКШга билдирди

Россиянын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүсүндө АКШнын элчисинин орун басары Барт Горман министрликке чакырылгандыгы жана АКШнын Москвадагы элчилигинде иштеген 10 дипломаттын "нон грата" деп жарыялангандыгы жөнүндө нота бергендиги айтылган.

1625915
Орусия 10 америкалык дипломатты депортациялоо чечимин АКШга билдирди

Россиянын Тышкы иштер министрлиги өз ара жооп иретинде 10 америкалык дипломатты депортациялоо чечимин Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) нотасы менен кабарлады.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүсүндө АКШнын элчисинин орун басары Барт Горман министрликке чакырылгандыгы жана АКШнын Москвадагы элчилигинде иштеген 10 дипломаттын "нон грата" деп жарыялангандыгы жөнүндө нота бергендиги айтылган.

Дипломаттардан Орусиянын аймагынан 21-майга чейин чыгып кетүүнү сурангандыгы жазылган билдирүүдө, «Бул чара Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтондогу элчилигинин жана Нью-Йорктогу Орусиянын консулдугунун кызматкерлерин «нон грата» деп жарыялоо менен душмандык аракеттерине жооп берүү болуп саналат»,делген.

Министрликтин билдирүүсүндө, АКШнын акыркы чечимдерине каршы жакынкы аралыкта жаңы кадамдар жасалары баса белгиленди.

АКШнын президенти Жо Байден 15-апрелде 10 орус дипломаты кибер чабуул жасоо аракети жана президенттик шайлоого кийлигишүү менен байланышы бар деген жүйө менен чыгарыларын жарыялаган жана АКШнын Каржы министрлиги Россиянын экономикасына багытталган санкцияларды жарыялаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 16-апрелде АКШнын жаңы санкцияларына каршы чечимдер кабыл алынгандыгын, бул чечимдердин алкагында 10 америкалык дипломат өлкөдөн чыгарыла турганын, арасында эски жана жаңы мамлекеттик кызматкерлер да орун алган АКШнын 8 жаранынын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган.



Тектеш кабарлар