Африкада 650 000ден ашуун бала безгекке каршы эмделди
Дүйнөдө безгек оорусуна каршы чыгарылган алгачкы вакцина Африка материгинин 3 өлкөсүндө 650 000ден ашуун балага берилди.

Дүйнөдө безгек оорусуна каршы чыгарылган алгачкы вакцина Африка материгинин 3 өлкөсүндө 650 000ден ашуун балага берилди.
ДСУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта акыркы 2 жылда Гана, Кения жана Малавидеги вакцина программасынын негизинде 1, 7 миллион дозадан ашуун вакцинанын берилгендиги белгиленди. Вакцина Африканын 3 өлкөсүндө 650 000ден ашуун балага берилди.
"RTS,S" деп билинген жана 4 доза берилген вакциналардын коргоочу чараларга жетүү мүмкүнчүлүгү болбогондор үчүн чоң маанигее ээ экендигин белгилеген ДСУнун иммундук, эмдөө жана биология директору доктор Кэтрин О'Брайен : «Бул вакцина безгектен коргонууда жана дагы көп өмүрдү куткарууда ачкыч боло алат»,- деди.
Дүйнөнүн бир топ жеринде жыл сайын жүз миңдеген кишинин өлүмүнө жол ачкан безгек оорусу үчүн чыгарылган вакцина биринчи жолу 2019 - жылы апрель айында Малавиде бериле баштады.
Өлүмгө алып келүүчү оорулардын башында турган жана ар бир 2 минутада бир баланын өлүмүнө себеп болгон безгек эң көп Африкада.
Паразиттерди алып жүрүүчү чиркейлердин чагуусу менен жуккан жана орточо 7 күндүк инкубация мезгилинен кийин ортого чыккан безгек; температура, тердөө, баш оору, жүрөк айлануу, кусуу, булчуңдардын оорушу, алсыроо сыяктуу сасык тумоого окшогон белгилер менен байкалат.
Тектеш кабарлар

Украинадан Ливан үчүн жолго чыккан биринчи кеме Сирияда
Украина данын ташыган биринчи жүк кемеси "Разони" Сирияга барды.