Судан "Израилди бойкот кылуу" мыйзамын жойду

Мыйзам боюнча Израилден чыккан товарлардын Суданга кириши жана бул өлкөдөн транзит өтүүгө да уруксат берилген эмес

1624754
Судан "Израилди бойкот кылуу" мыйзамын жойду

Судандын Эгемендик Кеңеши жана Министрлер Кеңеши  Израиль менен мамилелерди калыбына келтирүүнүн негизинде 1958 -  жылдан бери келе жаткан "Израилди бойкот кылуу" мыйзамын жойду.

Судандын адилеттик министри Насреддин Абдулбари твиттерден берген билдирүүсүндө : «Кыска убакыт мурда Эгемендик Кеңеши жана Министрлер Кеңешинин биргелешкен жыйынында Израилди бойкот кылуу мыйзамын жойгон долбоорду бекиттик»,- деп билдирди.

Израилди бойкот кылуу мыйзамы судандыктардын Израилдеги кандайдыр бир Израиль жараны жана мекеме менен же чет элдик фирмалар менен келишим түзүшүнө тыюу салган.

Мыйзам боюнча Израилден чыккан товарлардын Суданга кириши жана бул өлкөдөн транзит өтүүгө да уруксат берилген эмес. Бул мыйзамдын беренелерин бузгандарга 10 жылга чейин абак жана акчалай жаза берилген.



Тектеш кабарлар