Климаттын өзгөрүшүнөн таасирленбей турган кофе түрү табылды

Бул кофе түрү Сьерра-Леонедеги токой аянтында кайрадан кездешилди.

1624772
Климаттын өзгөрүшүнөн таасирленбей турган кофе түрү табылды

Батыш Африкада климаттын өзгөрүшүнөн таасирленбей турган кофе түрү табылды.

"Nature Plants" журналында жарыяланган изилдөөдө, Батыш Африкада өскөн "кофе стенофилла" деп аталган жапайы кофе түрүнүн, дүйнөдө кеңири колдонулган "Арабика" кофесинен орто эсеп менен 6 градус жылуулукта өскөндүгү белгиленди.

1950-жылдардан кийин кездешилбеген бул кофе түрүнө; Royal Botanic Gardens, Kew, Greenwich университети, CIRAD (Agricultural Research for Development -Өнүгүү үчүн айыл чарба изилдөөлөрү) жана Сьерра-Леоненин изилдөөчүлөрүнүн иликтөөсүнүн натыйжасында Сьерра-Леонедеги токой аянтында кайрадан кездешилди.

Кофенин даамын татуу боюнча эксперттердин калыстар тобуна сунушталган кофе, дүйнөдөгү берки кофе түрлөрү сыяктуу жогорку баа алды.

Жок болуп бараткан кофе түрүн көбүрөөк аймактарга отургузуу менен сактап калуу пландаштырылууда.



Тектеш кабарлар