ДССУ: «Дүйнөдө 25-59 жаштагылардын Ковид-19 оорулары жана ооруканага жаткырылуулары кескин көбөйдү»

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Швейцариянын Женева шаарындагы уюмдун борборунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.

1624661
ДССУ: «Дүйнөдө 25-59 жаштагылардын Ковид-19 оорулары жана ооруканага жаткырылуулары кескин көбөйдү»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө жүзүндө 25-59 жаштагы адамдар арасында жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) ооруларынын жана ооруканага жаткырылуулардын көрсөткүчү коркунучтуу көбөйгөнүн эскертти.

Гебреисус, Швейцариянын Женева шаарындагы уюмдун борборунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында видео конференция ыкмасын колдонуп, «Өткөн жумада жаңы түрдөгү коронавирус жуктургандардын удаама-удаа сегиз жума көбөйүп, 5,2 миллиондон ашуун жаңы учур катталды. Бул бир жумада катталган эң жогорку жуктурган учур болду»,-деди.

Ковид-19дан каза болгондордун дүйнө жүзү боюнча 5-жумада катары менен көбөйгөндүгүн белгилеген Гебреисус, глобалдуу түрдө 25-59 жаштагылардын Ковид-19 оорусунун көрсөткүчтөрү жана ооруканага жаткырылышы жогорулагандыгы боюнча эскертип, буга себеп катары жаңы варианттар менен жаш жеткинчектердин ортосундагы «коомдук аралашууну»  көрсөттү.

Эмдөөгө дагы токтолгон Гебреисус, ушул кезге чейин 832 миллион доза Ковид-19 вакцинасы глобалдык деңгээлде жасалгандыгын белгилеп, «Бирок алардын 82 пайыздан ашыгы кирешеси жогору же ортодон жогору өлкөлөргө жеткирилди, ал эми кирешеси төмөн өлкөлөр вакцинанын 0,2 пайызын гана алышты»,-деди.



Тектеш кабарлар