Россия Чехиянын 20 дипломатын депортациялайт
Россиянын тышкы иштер министрлиги Чехиянын Москвадагы элчилигинде иштеген 20 дипломатты депортациялоо чечимин кабыл алды.
Россиянын тышкы иштер министрлиги Чехиянын Москвадагы элчилигинде иштеген 20 дипломатты депортациялоо чечимин кабыл алды.
Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Чехиянын Москвадагы элчиси Витеслав Пивонка министрликке чакырылып, нота берилгени маалымдалды.
Пивонкага Чехия бийлигинин Прагадагы орус дипломаттарына карата начар мамилесине катуу нааразычылыктын билдирилгендиги белгиленген маалыматта : "Элчи Пивонкага Чехиянын Москвадагы элчилигинде иштеген 20 кызматкеринин "кааланбаган киши" деп жарыялангандыгы билдирилди. Кызматкерлердин 19 - апрелдин аягына чейин Россия чектеринен чыгып кетүүлөрү керектиги талап кылынды",- деп белгиленди.
Кечээ Чехиянын премьер - министри Андрей Бабиштин 18 орус дипломаттын Россиянын чалгындоо кызматы үчүн иштегендигин жана 2014 - жылы өлкөнүн Түштүк Моравия аймагында ок дары сактоочу жайда чыккан жарылуу менен байланышынын бар экендиги тууралуу олуттуу шектенүүлөрдүн бар экендигин айтып, ушул негиз боюнча 18 орус дипломаттын 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетишин талап кылгандыгын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.