Израиль Чыгыш Кудста палестиналык жаштарга кийлигишти

Израиль полициясы оккупацияга алынган Чыгыш Кудста тараба намазынан кийин палестиналык жаштарга коомдук окуяларга кийлигишүү унаасы ТОМА жана үн бомбасы менен кийлигишти.

1623972

Палестиналык жаштар Месжид-и Аксадагы тараба намазынан кийин Чыгыш Кудстагы Эски Шаардын Дамаск капкасына жакын жерге чогулду. Чыңалуунун күч алышы менен Израиль полициясы палестиналык жаштарды таркатуу үчүн ТОМА жана аттуу полицияларды аракетке өткөрдү.

ТОМАдан палестиналык жаштарга саркынды суу чачкан Израиль полициясы калың топту таркатуу үчүн үн бомбасын да колдонду.

Ушул кезге чейин окуяларда жаракат алгандар болбостон, Израиль полициясынын ишемби күнкү кийлигишүүсүндө 2 палестиналык жараланган.

Израиль полициясы рамазан айынын башталышы менен Дамаск капкасынын алдындагы отуруучу аянтты баррикадага алган. Палестиналык жаштар буга карышылык көрсөтүү максатында рамазандын алгачкы күнүнөн тарта тараба намазынан кийин Дамаск капкасында чогулушууда. Израиль полициясы 6 күндөн бери палестиналыктарга үн бомбасы жана ТОМА менен кийлигишүүдө.

Тектеш кабарлар