Францияда учак кырсыкка учурады

Кырсыкта учактын учкучу менен 4 киши каза болду.

1624252
Францияда учак кырсыкка учурады

Франциянын борбор шаары Парижде туристтерди ташыган кичинекей учак кырсыкка учурап 4 киши каза болду.

Өрт өчүргүч топтору кырсык болгон жердер жүргүзгөн алгачкы изилдөөдө күчтүү керосин жытынын аныкталгандыгы белгиленди.

Борбор шаар Париждин түндүгүндөгү Баувас шаарынан учкан Робин ДР400 моделиндеги кичинекей учак Сен-Патус шаарына жакын жердеги аянтка түштү.

Жетекчилер кырсыкта учактын учкучу менен 4 кишинин каза болгондугун билдиришти.

Баувас полиция борборунан берилген маалыматта Робин ДР400 моделиндеги учактагы үч кишинин турист экендиги белгиленип, учактын Пас-де-Кале шаарына жөнөгөнү билдирилген.

Кырсык тууралуу тергөө баштатылды.



Тектеш кабарлар