Тунис жакындарында 41 мыйзамсыз мигрант каза болду

Тунис жакындарында Италияга барууга аракет кылган 41 мыйзамсыз мигранттын сөөгү табылды.

1623031
Тунис жакындарында 41  мыйзамсыз мигрант каза болду

Тунис жакындарында Италияга барууга аракет кылган 41 мыйзамсыз мигранттын сөөгү табылды.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы жана Эл аралык миграция уюму тарабынан берилген маалыматта кечээ кечинде Сфакс шаарынын Сиди Мансур аймагына жакын жерде чөккөн кемедеги 41 кишинин жансыз денесинин табылгандыгынбилдирди. 41 кишинин арасында бир баланын да бар экендиги белгиленди.

Тунис улуттук жээк коопсуздук топтору тарабынан бүгүн жүргүзүлгөн куткаруу иштеринен кийин 3 киши куткарылды. Кырсыкта каза болгондордун баарынын Африка Сахарасынан экендиги белгиленди. Ошол эле Сфакс жакындарында 9мартта да мыйзамсыз мигранттарды ташыган эки кеме чөгүп, кырсыкта 39 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар