Путиндин 2020-жылдагы кирешеси

Путиндин былтыр канча акча тапкандыгы айтылды.

1623156
Путиндин 2020-жылдагы кирешеси

Россиянын президенти Владимир Путиндин 2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 2 пайыздык өсүү менен 9,9 миллион рубль (1 миллион 54 миң) киреше тапкандыгы билдирилди.

Президенттик сарайы Кремль тарабынан мамлекеттин жогорку даражадагы адамдарына байланыштуу жарыяланган байлыктары жөнүндөгү маалыматтарга караганда, 2019-жылы 9,7 миллион рубль киреше тапкан Путиндин кирешеси былтыр 9,9 миллион рублга (1 миллион 53 миң лирага) көтөрүлдү.

Өткөн жылы Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин 19,9 миллион (2,1 миллион лира), Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 12,5 миллион рубль (1,3 миллион лира) киреше тапкан.

Билдирүүгө ылайык, Путиндин Россияда 2 батири, 2 авто гаражы жана 3 унаасы бар.



Тектеш кабарлар