Нигерияда Боко Харам кол салуусу болду
Кол салууда 18 адам каза болуп, 21 адам жаракат алды.
Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк-чыгышында террордук уюм Боко Харам уюштурган кол салууда 18 адам каза болуп, 21 адам жаракат алды.
Кол салуудан кийин жүргүзүлгөн операцияларда көп сандаган террорист жок кылынды.
Борно штатынын губернатору Бабагана Зулум Боко Харам мүчөлөрүнүн кол салуусунан кийин Дамасак аймагына барды.
Зулум кол салуудан 18 кишинин каза болуп, 21 кишинин жаракат алгандыгын айтты.
Бир тараптан, Нигерия армиясынын катчысы Мухаммед Ерима, армиянын Борно штатындагы Моббар аймагында Боко Харамга каршы абадан жана кургактан операция жүргүзгөнүн жарыялады.
Ерима операцияларда Боко Харамдын көптөгөн мүчөлөрү өлтүрүлгөнүн жана террористтердин баш калкалоочу жайларынын жардырылгандыгын билдирди.
Нигерияда 2009-жылдан бери "Боко Харам" уюштурган массалык террордук кол салууларда 20 миңден ашуун адам каза болду.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти
Израилдин Газа тилкесине 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.