Британия калкы бүгүн принц Филипп менен коштошот

Принц Филипп июнь айында 100 жашын белгилемек.

1623046
Британия калкы бүгүн принц Филипп менен коштошот

Ханыша Елизавета 2нин 99 жашында каза болгон жубайы принц Филипп бүгүн акыркы жолчулугуна узатылууда.

Принц Филипп үчүн биринчи салтанат Виндзор чебинде өткөрүлөт. Королдук үй- бүлөсүнүн мүчөлөрү жаназа музыкасынын коштоосунда Виндзор чебинен жаназа зыйнаты боло турган чиркөөгө барат.

Түркия убакытысы боюнча саат 16:45те жалпы Британияда бир минуталык эскерүү болот. Түркия убакытысы боюнча саат 17:00дө жаназа зыйнаты башталат. Ырым- жырымдар аткарылгандан кийин принцтин сөөгү көмүлөт.

2017 -жылы мамлекеттик кызматын таштаган принц Филипп Британия тарыхында эң узун убакыт кызмат кылган ханыша жубайы болду.

Филипп акыркы мезгилдерде ден соолугуна байланыштуу кыйналып жаткан. Бир ай ооруканада жаткандан кийин март айында Виндзор чебине кайткан.

4 баласы, 8 небереси жана 10 чебереси бар принц Филипп июнь айында 100 жашын белгилемек.



Тектеш кабарлар