Ачкачылык менен күрөшүп жаткан Йеменде Ковид - 19 ылдам жайылууда
Йеменде жаңы инфекция толкунунун айынан Ковид - 19 бейтаптарынын санында эки эсе көбөйүүнүн болгондугун эскертилди.
БУУ дүйнөнүн эң чоң адамзаттык кризиси болгон жана ачкачылык коркунучу болгон Йеменде жаңы инфекция толкунунун айынан Ковид - 19 бейтаптарынын санында эки эсе көбөйүүнүн болгондугун эскертти.
БУУнун Коопсуздук Кеңешине Йемендеги адамзаттык абалга байланыштуу маалымат берген БУУнун гуманитардык жардамдар боюнча жооптуу башкы катчысынын орун басары Марк Лоукок Ковид - 19дун акыркы жумаларда Йеменге ылдам түрдө кайткандыгын айтты. Лоукок дүйнөнүн эң чоң адамзаттык кризиси болгон Йеменде акыркы 6 жумада жаңы толкундан улам бейтап санында эки эсеге өсүү болгонуна көңүлдөрдү бурду.
Ооруканалардын көп сандаган кишини кайтарууга мажбур болгондугун айткан Лоукок жакырчылык коркунучу менен да бет – бет келген Йеменде вирустун ылдам жайылууну улантып жатканы боюнча эскертти. Лоукок Йеменде апааттын жолун тосуу үчүн тараптарды согушту токтотуу, гуманитардык жардамдарды көбөйтүүгө чакырды.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.