Жаңы Зеландия тирүү малдардын деңиз жолу аркылуу экспорттолушуна тыюу салды

Жаңы Зеландия малдардын коопсуздугу үчүн деңиз жолу аркылуу малдардын тирүү экспортуна тыюу салды

1621281
Жаңы Зеландия тирүү малдардын деңиз жолу аркылуу экспорттолушуна тыюу салды

Жаңы Зеландия малдардын коопсуздугу үчүн  деңиз жолу аркылуу малдардын тирүү экспорттолушуна тыюу салды.

Айыл - чарба министри Дамиен  О'Коннор тыюу салуунун толугу менен ишке ашышы эки жылга созуларын, анткени азыркы учурда уй жана башка малдардын экспорттолушу үчүн түзүлгөн келишимдердин бар экендигин билдирди.

Өлкөнүн кадыр- баркынын финансылык кирешелерден дагы жогору экендигин белгилеген О'Коннор Жаңы Зеландия жээктеринен өткөндөн кийин азырынча малдардын коопсуздугун түзүүнүн жолу жок экендигин баса белгиледи.

О'Коннор негизги соода өнөктөшү  Кытайга тыюу салуу тууралуу маалымат берилгендигин бирок азырынча жооп алышпагандарын айтты.

Тыюу салуу чечиминин Кытайга байланыштуу эмес экендигин баса белгилеген О'Коннор малдардын коопсуздугу менен байланыштуу экендигин билдирди.

Жаңы Зеландия өкмөтү 2020 -жылы Кытайга барган 5800 бодо малды ташыган кеменин Япония жээктеринде чөгүшү жана 40тан ашуун экипаждын каза болушунан улам мындай экспортту токтоткон болчу.

 



Тектеш кабарлар