Путин Ковид-19 вакцинасынын экинчи дозасын алды
Путинге Ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасы 23-мартта сайылган.
1621268
Россиянын президенти Владимир Путин коронавирустук (Ковид-19) вакцинанын экинчи дозасын алганын билдирди.
Онлайн режиминде өткөн Россиянын аймактык коомчулугу жыйынында сөз сүйлөгөн Путин, өлкөдөгү жигердүү эмдөөнүн негизинде эпидемия жакын арада басаңдайт деген ишенимин билдирди.
Жыйынды баштаар алдында Ковид-19 вакцинасынын экинчи дозасын алгандыгын айткан Путин: «Баары жакшы болооруна ишенем»,-деди.
Путинге Ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасы 23-мартта сайылган. Путиндин кайсы вакцина менен эмделгендиги жөнүндө маалымат берилген эмес.