Ливия өлкөгө келген эки учактын курал ташыгандыгын билдирди

Ливия армиясы Египеттен өлкөгө барган эки учактын курал ташыгандыгын билдирди.

1620983
Ливия өлкөгө келген эки учактын курал ташыгандыгын билдирди

Ливия армиясы Египеттен өлкөгө барган эки учактын курал ташыгандыгын билдирди.

Ливия армиясына таандык Сирте жана Жуфра операция мекемесинин катчысы генерал Абдулхади Дырах берген маалыматында өлкөнүн түштүк батышындагы Эл аралык Себха аэропортуна конгон учактардын курал ташыгандыгын тууралуу маалымат берди.

Дырах Египеттен келген эки учакта дарылардын астына жашырылган курал жана ок- дарынын бар экендигин айтып : «Эки учакта бир канча дары бар бирок жүк ташуучу учактын көпчүлүк бөлүгү курал жана ок- дары менен толтурулган»,- деди.

Ливиянын саламаттык сактоо министри кечээ фейсбук баракчасынан берген маалыматында Египет жиберген дары жана медициналык материал ташыган эки учактын Себха эл аралык аэропортуна келгендигин жарыялаган.

Козголоңчу генарал Халифе Хафтерге жакындыгы менен белгилүү Ел-Хадес телекөрсөтүү каналы Хафтер менен Египеттин президенти Абдулфеттах ес- Сисинин кызматташуусу менен Себхага медициналык материалдардын алып келингендигин билдирген.



Тектеш кабарлар