Чет элдик лидерлер Рамазан айына байланыштуу куттуктоо жарыялашты

Берекелүү Рамазан айы башталды.

1620147
Чет элдик лидерлер Рамазан айына байланыштуу куттуктоо жарыялашты

Чет элдик лидерлер Рамазан айына байланыштуу куттуктоо билдирүүлөрүн жарыялашты.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден өз билдирүүсүндө мусулман дүйнөсүн Рамазан айы менен куттуктап, өлкөдөгү мусулмандарга каршы жек көрүү кылмыштарына көңүл бурду.

«Мусулмандар дагы деле зомбулук, фанатизм жана жек көрүү кылмыштарынын бутасы болууда» деген Байден, булардын кабыл алынгыс экендигин баса белгиледи.

Америкалык мусулмандардын өлкө негизделген күндөн бери өлкөнү байыткандыктарын белгилеген Байден: «Мусулмандар вакциналарды иштеп чыгууда (коронавируска каршы) башкы ролду ойноп жана алдыңкы катарларда турган саламаттык сактоо кызматкерлери катары Ковид-19га каршы күрөшүбүзгө багыт беришти»,-деп айтты.

Быйыл Ак үйдөгү майрамдын виртуалдык чөйрөдө өтөрүн билдирген Байден, жубайы Жилл менен салттуу Ак үйдүн майрамдык мааракесин кийинки жылы бетме-бет өткөрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандыктарын белгиледи.

Германиянын канцлери Ангела Меркель дагы өз билдирүүсүндө бардык мусулмандарга "бейпил Рамазан" болушун каалады.

Рамазандын тилектештик айы экендигин баса белгилеген Меркель, эпидемияга байланыштуу оор өтүп жаткан күндөрдө сабырдуу болуу керектигин айтты.

Социалдык медиа баракчасынан билдирүү жарыялап Ислам дүйнөсүн Рамазан айы менен куттуктаган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, пандемияга байланыштуу быйыл Рамазан айынын башкача болооруна көңүл бурду.

Жонсон: «Орозо, дуба жана кайрымдуулук айынын бардык мусулмандарга тынчтык алып келишин каалаймын»,- деди.



Тектеш кабарлар