Нигерияда талаштуу болгон мектептер кайрадан ачылды

Квара провинциясынын Мамлекеттик билим берүү министрлигинин туруктуу катчысы Мэри Адеосун,окуучулардын сабакка коопсуз киришин камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлгөнүн билдирди.

1619291
Нигерияда талаштуу болгон мектептер кайрадан ачылды

Нигериянын Квара провинциясындагы жоолук салынган мусулман окуучуларга каршы чыгылгандыктан жабылган мектептер кайрадан ачылды.

Квара провинциясынын Мамлекеттик билим берүү министрлигинин туруктуу катчысы Мэри Адеосун, Квара губернатору АбдулРахман АбдулРазактын буйругу менен провинциянын борбору Илорин шаарында жабылган 10 мектептин бүгүнкү күндөн баштап ачылгандыгын билдирди.

Адеосун окуучулардын сабакка коопсуз киришин камсыз кылуу үчүн чаралар көрүлгөнүн билдирди.

26-февралда өкмөт Квара провинциясындагы мектептерде көптөн бери чечилбей келе жаткан жоолук маселесине чекит коюу үчүн бардык мектептерде мусулман кыздарга жоолук салынууга уруксат берди.

Мусулмандар бул чечимди кубатташса, христиандар ага каршы чыгышты.

8-мартта мусулмандардын жана христиандардын диний лидерлери жоолук салынган кыз окуучулар боюнча бир пикирге келе албай, Квара провинциясындагы он мамлекеттик мектеп убактылуу жабылган.

Провинциялык өкмөттүн чечими менен 17-мартта ачылган мектептердин биринде мусулман кыз окуучу мектепке кире берээрде ага тоскоолдуктар болгондуктан эки топтун кагылышуусунан беш адам жаракат алган.



Тектеш кабарлар