Рябков: «АКШдан жоопкерчиликтүү мамилени күтүп жатабыз»
Россиянын Риа маалымат агенттигине маалымат берген Рябков, Украина-Россия чек арасындагы чыңалуу жөнүндө билдирүү жасады.
Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШны (АКШ) Украина маселесине «жоопкерчиликтүү» мамиле кылууга чакырды.
Россиянын Риа маалымат агенттигине маалымат берген Рябков, Украина-Россия чек арасындагы чыңалуу жөнүндө билдирүү жасады.
АКШ бул маселе боюнча «жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек» деп баса белгилеген Рябков:«Биз Вашингтонду ушул олуттуу маселе боюнча борбор шаарларыбыздын ортосундагы маалымат алмашууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого жана чыңалууну күчөтпөөгө чакырабыз»,-деди.
АКШ Украинанын чыгыш бөлүгү боюнча керектүү кадамдарды жасайт деп үмүттөнөрүн белгилеген Рябков: «Албетте, биз АКШ Киев бийлигинин чыңалууну күчөтүүчү саясатын колго алат деп күтүп жатабыз»,-деп айтты.
Рябков ошондой эле АКШ менен Тышкы иштер жана Коргоо министрликтеринин деңгээлинде Украина боюнча байланыш жок экендиги жөнүндө маалымат менен бөлүштү.