Жогорку технологиялуу ит робот
AlphaDog деп аталган жогорку технологиялуу робот "угуу" жана "көрүү" үчүн сенсорлорду жана Жасалма Интеллект (AI) технологиясын колдонууда.
Үй иттерине кызыгуу чоң болгон Кытайда 5G технологиясы менен иштеген дүйнөдөгү эң ылдам ит роботу иштелип чыкты.
AlphaDog деп аталган жогорку технологиялуу робот "угуу" жана "көрүү" үчүн сенсорлорду жана Жасалма Интеллект (AI) технологиясын колдонууда.
AlphaDogду иштеп чыккан Weilan компаниясынын башкы технологиялык кызматкери Ма Цзе: «AlphaDog чыныгы ишттердин кыймылын көрсөтөт» деди.
Инженерлер саатына дээрлик 15 чакырым ылдамдыкта жүргөн иттин учурда базардагы эң ылдам робот ит экенин ырасташты.
Ма Цзенин айтымында, роботтун автономдуу иштеши жана дароо реакция жасашы үчүн интернетти тез ылдамдыкта камсыз кылган 5G технологиясын колдонушат.
2400 долларга сатылган AlphaDog, сатыкка чыккан биринчи айда 1800дөн ашык даана сатылды.
Коммунисттик Кытайдын негиздөөчүсү Мао Цзедундун убагында үй иттерин багууга тыюу салынган жана тыюу салуунун жокко чыгарылышы менен өлкөдө бул жаныбарга кызыгуу кыйла артты.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.