Pfizer-BionTech вакцинасы 12-15 жаш курагындагы балдарга колдонулушу мүмкүн

Pfizer менен BionTech АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгынан уруксат алуу үчүн кайрылуу жасады.

1618431
Pfizer-BionTech вакцинасы 12-15 жаш курагындагы балдарга колдонулушу мүмкүн

Американын фармацевтикалык компаниясы Pfizer менен Германиянын биотехникалык компаниясы BioNTech, биргеликте иштеп чыккан коронавирустук (Koвид-19) вакцинанын 12 жаштан 15 жашка чейинки балдарга колдонулушу үчүн АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгына (FDA) кайрылышты.

Pfizer менен BionTechтин биргелешкен билдирүүсүндө, өздөрү иштеп чыккан Ковид-19 вакцинасынын 12-15 жаш курагындагы балдарга шашылыш колдонулушу үчүн АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгына арыз берилгендиги маалымдалды.

Өткөн айда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө вакцинанын 12-15 жаш аралыгында 100 пайыздык натыйжалуулук көрсөткөндүгү баса белгиленген билдирүүдө: «Биздин бул кайрылуу, глобалдык эмдөө аракеттерин кеңейтүү үчүн өкмөттөрдү колдоо боюнча ишибиздеги маанилүү кадамды билдирет», делди.

Америкалык фармацевтикалык компания Pfizer менен түрк илимпоздору Өзлем Түрежи жана Угур Шахин негиздеген Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясы тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасы АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы тарабынан жактырылып, колдонула баштаган биринчи вакцина болгон.



Тектеш кабарлар