Болгария парламентинде түрк жана мусулман депутаттар орун алат

Болгарияда 4 -  апрелде болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын аттары белгиленди.

1618622
Болгария парламентинде түрк жана мусулман депутаттар орун алат

Болгарияда 4 -  апрелде болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын аттары белгиленди.

Борбордук Шайлоо Комиссиясы жарыялаган тизмеге караганда 240 депутаттын 27синин түрк жана мусулман тектүү экендиги көңүлдөрдү бурду.

Мүчөлөрүнүн күпчүлүгүн түрктөр түзгөн Мыйзам жана эркиндиктер кыймылы партиясы 45 -  парламенттеги депутат санын 4кө көбөйтүп, 30 кишилик бир группага ээ болот.

Мыйзам жана эркиндик кыймылы партиясы салттык түрдө түрк жана мусулман тектүү Болгария жарандарына кенен орун берген күч катары группасында бул этникалык жана диний тектен 25 депутаты болот.

Премьер  - министр Бойко Борисов лидери болгон Болгариянын европалык өнүгүшү үчүн мекендештер (ГЕРБ) партиясынан мурунку маданият министри Вежди Рашидов жаңы парламентте да депутат болот.

Үгүт иштерин жүргүзбөстөн, жеке беделине таянып,  парламентке 51 депутат алып барган тамашоучу Слави Трифоновдун Ушундай мамлекет бар партиясынан Танер Түркоглу да депутат болот.

Парламенттеги күчтөрдүн арасындагы уюлдашуудан улам коалиция өкмөтүнүн курулушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар