Европа - Жер Ортолук деңиз адам укуктары уюму Израилге каршылык көрсөттү

Европа Биримдиги өлкөлөрүнө Эл аралык Кылмыш Сотунун тергөөсүн колдоо жана тергөөдө орун ала турган адвокаттарды, күбөлөрдү менен жарандык коом активисттерин коргоого чакыруу салынды.

1617915
Европа  -  Жер Ортолук деңиз адам укуктары уюму Израилге каршылык көрсөттү

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун Израилге каршы тергөө ишин баштоо укугу болбогон Эл аралык Кылмыш Соту менен кызматташуу түзбөй тургандыгы тууралуу билдирүүлөрүнө Европа  -  Жер Ортолук деңиз адам укуктары уюмунан каршылык көрсөтүлдү.

Уюмдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Израиль бул чечимди согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштарды түзө турган эреже бузууларды кылганнын билгени үчүн кабыл алды. Эл аралык тергөөлөр тууралуу кызматташуу түзбөө чечими жоопкерчиликтен качуунун көрсөткүчү»,- деп билдирилди.

Эл аралык Кылмыш Сотунан эч кандай кысым көрсөтпөө  жана тергөөнүн башталышы талап кылынган билдирүүдө Европа Биримдиги өлкөлөрүнө Эл аралык Кылмыш Сотунун тергөөсүн колдоо жана тергөөдө орун ала турган адвокаттарды, күбөлөрдү менен жарандык коом активисттерин коргоого чакыруу салынды.

Премьер  - министр Нетаньяхунун коргоо министри Бенни  Ганц, башкы прокурор Авичай Манделблит жана коопсуздук уюмундагы жогорку мартабалуу жетекчилер менен 8 -  апрелде өткөргөн жыйында Эл аралык Кылмыш Сотунун прокурору Фатоу Бенсудага Израилге каршы тергөө ишин баштоо жоопкерчилигинин жок экендиги жана Израилдин ушунун негизинде Эл аралык Кылмыш Соту менен кызматташуу түзүүнү четке кагууну билдирилишине чечим чыгарылган.



Тектеш кабарлар