Африкада бардык вакциналардын 2 пайызы гана берилди
ДСУнун Африка боюнча директору Матшидисо Моети басма сөзгө жарыялаган билдирүүсүндө көпчүлүк Африка өлкөлөрүндө эмдөөлөрдүн жетишсиздигине көңүл бурду.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ДСУ дүйнө жүзүндө жасалган Ковид-19 вакциналарынын 2 пайызга жетпеген бөлүгү Африкада берилгендигин жарыялады.
ДСУнун Африка боюнча директору Матшидисо Моети басма сөзгө жарыялаган билдирүүсүндө көпчүлүк Африка өлкөлөрүндө эмдөөлөрдүн жетишсиздигине көңүл бурду.
Көпчүлүк Африка өлкөлөрүндө Ковид-19 менен күрөшүүдө анча-мынча жылыш болгонун айткан Моети, дүйнө жүзүндө берилген Ковид-19 вакцинасынын болжол менен 700 000 дозасынын 2 пайызынан азынын Африка континентинде колдонулгандыгын белгиледи. Moети : "Чектелген запастар жана камсыздоодогу көйгөйлөр Ковид-19 вакциналарынын континенттеги көптөгөн адамдарга жетүүсүнө жол бербейт",- деди.
Ковид-19 вакцинасынын 30 миллиондон ашуун дозасы континентке жеткендиги жөнүндө маалыматты берген Моети анын 13 миллионунун гана берилгендигин кошумчалады.
115 миңден ашуун киши каза болгон континентте оорулардын саны 4 миллион 500 000ге жетип, айыккандардын саны саны 4 миллионго жакындады.