Коронавирус менен ооруган бейтапка биринчи жолу тирүү донорлордон өпкө ткандары трансплантацияланды
Донорлордун ден-соолугунун жакшы экендиги белгиленди.
Коронавирус (Ковид-19) менен ооруган бейтапка биринчи жолу тирүү донорлордон өпкө ткандары трансплантацияланды.
Япониянын Киото университетинин ооруканасынын билдирүүсүндө, 2020-жылдын аягында Ковид-19га чалдыккан бейтаптын абалы начарлап, пневмониядан эки өпкөсүнүн тең иштебей калгандыгы кабарланды.
Бейтаптын үч ай бою жүрөк жана өпкөнүн тиричилик функциясын сактап калуу үчүн экстракорпоралдык мембраналык кычкылтек дарылоосунан өткөндүгү, аялы менен уулу тарабынан берилген өпкө ткандарынын болжол менен 11 саатка созулган операцияда Ковид-19 менен ооруган аялга трансплантация жасалгандыгы маалымдалды.
Бул операциянын биринчи жолу жасалгандыгы жана донорлордун ден-соолугунун жакшы экендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
Россияда бомбалоочу учак кырсыкка учурады
Кырсыктын техникалык мүчүлүштүктөн келип чыккандыгы билдирилди.