Илимпоздор абадан ДНК чогултушту

Мындай ачылыш аба аркылуу жугуучу оорулардын кандайча жайылып баратканын түшүнүүгө жардам берет.

1616648
Илимпоздор абадан ДНК чогултушту

Британиядагы Лондон Queen Mary университетинин илимпоздору биринчи жолу абадан ДНК чогултушту.

Соттук медицина, антропология жана коомдук саламаттык сактоо тармагынын изилдөөчүлөрү мындай ачылыш аба аркылуу жугуучу оорулардын кандайча жайылып баратканын түшүнүүгө жардам берет деп ишенишет.

Илимпоздор аба үлгүлөрүнөн жаныбарлардын түрлөрүн аныктоо үчүн экологиялык ДНК "eDNA" колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп чыгышты.

Изилдөөчүлөр сокур чычкан ДНК үлгүлөрүн чогултуу үчүн перисталтикалык насосту жана басым чыпкаларын колдонушту.

Андан кийин алар алынган үлгүлөргө стандарттуу тизмек топтомдорун ишке ашырышты.

Изилдөөчү топ бул ыкманы колдонуп сокур чычкан ДНКсын ийгиликтүү аныктай алды.

Аба үлгүлөрүндө адамдын ДНКсы дагы табылып, бул ыкманын соттук-медициналык изилдөө үчүн колдонсо болорун көрсөттү.

Изилдөө ошондой эле окумуштууларга коронавирус (Ковид-19) сыяктуу аба аркылуу тараган вирустардын кандайча жайылгандыгын түшүнүүгө жардам берет.



Тектеш кабарлар