АКШ калкы иммигранттар маселесинде Трампты эмес Байденди күнөөлөдү

24-26-марттагы сурамжылоого катышкандардын  44 пайызы АКШга өтүү үчүн Мексика чек арасына келген иммигранттар тууралуу маселелерден Байдендин жооптуу  экендигин билдирген.

1615609
АКШ калкы иммигранттар маселесинде Трампты эмес Байденди  күнөөлөдү

АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоо Мексика чек арасындагы иммигранттардын жыштыгынан мурдагы президент Дональд Трамп эмес, жаңы президент Жо Байдендин жооптуу экендигин ортого салды.  

Hill-HarrisXтин 24-26-марттагы сурамжылоосуна катышкандардын  44 пайызы АКШга өтүү үчүн Мексика чек арасына келген иммигранттар тууралуу маселелерден Байдендин жооптуу  экендигин билдирсе, катышуучулардын 28 пайызы гана мурунку президент Трампты жооптуу деп көрсөткөн.

Республикачыл экендерин белгилеген катышуучулардын 73 пайызы өлкөнүн чек арасындагы абалдан азыркы өкмөттү жооптуу десе,  Демократ партиясын жактаган катышуучулардын 46 пайызы күнөөнүн Трамп башкаруусунда экендигин билдирди.

Мындан мурда да жүргүзүлгөн сурамжылоолордо  30 -  сентябрга чейин Мексика чек арасынан АКШга өтө турган иммигрант саны 2 миллиондон ашышы мүмкүн экендигин жана бул сандын рекорд болору белгиленген.



Тектеш кабарлар