Украинанын тышкы иштер министри Жосеф Боррелль менен Россия тууралуу сүйлөштү

Кулеба твиттреден берген маалыматында Боррель менен сүйлөшүүлөрүндө Россиянын чек арадагы чыңалууну курчуткандыгын карап чыгышкандарын белгиледи.

1614616
Украинанын тышкы иштер министри Жосеф Боррелль менен Россия тууралуу сүйлөштү

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Боррель менен Россиянын Украина чек арасындагы аскердик кыймылдуулук тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Кулеба твиттреден берген маалыматында Боррель менен сүйлөшүүлөрүндө Россиянын чек арадагы чыңалууну курчуткандыгын карап чыгышкандарын белгиледи.

Боррелдин Европа Биримдигинин Украинанын аркасында экендигин белгилеп, жеринин бүтүндүгү жана эгемендигине колдоо бергендигин  айткан Кулеба Боррелдин  өзүн 19 -  апрелдеги Европа Биримдигинин тышкы иштер кеңешинин жыйынына чакыргандыгын да билдирди.

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Руслан Хомчак 30-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө, Орусиянын Куралдуу күчтөрү аскердик машыгууларды шылтоолоп, Украинанын чек араларына аскерлерин жөнөтүп жаткандыгын жарыялаган.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков  да Россиянын куралдуу күчтөрүн өз аймагынын ичинде жылдыргандыгын жана мунун эч кимге коркунуч туудурбагандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар