Нигерияда 55 куралдуу козголоңчу кармалды

29-март күнү кечинде Эбони аймагында куралчан адамдардын 4 башка кол салуусунда 27 адам каза болду.

1614891
Нигерияда  55 куралдуу козголоңчу кармалды

Нигериянын Эбони аймагында куралдуу бандаларга каршы жүргүзүлгөн операцияларда 55 адам кармалды.

Нигерия армиясынын командири, бригаданын генералы Таорин Лагбажа акыркы мезгилде аймакта кол салуулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу куралдуу бандаларга каршы операциялар жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Операцияларда кылмыштуу топтун 55 мүчөсүнүн колго түшүрүлгөнүн айткан Лагбажа, кылмыштуу топтордун ок-дарыларынын колго түшүрүлгөнүн айтты. Лагбажа камакка алынгандардын сотко өткөрүлөрүн да билдирди.

29-март күнү кечинде Эбони аймагында куралчан адамдардын 4 башка кол салуусунда 27 адам каза болду.



Тектеш кабарлар