Францияда айрым саясатчылар чектөө эрежелерин бузуу менен айыпталды

Бир киши бул жуманын ичинде мындай ресторандардын бир канчасында айрым министрлер менен депутаттардын тамак жегендигин айтты.

1614883
Францияда айрым саясатчылар чектөө эрежелерин бузуу менен айыпталды

Францияда айрым министр жана депутаттардын уруксатсыз иштеген кымбат ресторандарда тамак жеп Ковид  - 19 чектөөлөрүн бузгандыгы ортого салынды. Француз телекөрсөтүү каналы М6  министр жана депутаттардын борбор шаар Парижде мыйзамсыз иштеген кымбат ресторандарда тамак жешкендерин ырастады.

Телекөрсөтүү каналы жашыруун тарткан көрүнүштөрдөчектөөлөрдүн негизинде бир гана пакет менен тейлөө болгон ресторандарда официанттар менен тамак жегендердин беткапсыз экендиги көрүндү.

Бир киши бул жуманын ичинде мындай кымбат ресторандардын бир канчасында айрым министрлер менен депутаттардын тамак жегендигин айтты.

Париж полиция директорлугу бул айтылгандар боюнча териштирүү ишин баштады.



Тектеш кабарлар