Афганистанда кагылышуу болду

Афганистандын коргоо министрлиги Кандахарда Талибанга каршы операцияда 75 террористтин жок кылынгандыгын жарыялады.

1614911
Афганистанда кагылышуу болду

Афганистандын коргоо министрлиги Кандахарда Талибанга каршы операцияда 75 террористтин жок кылынгандыгын жарыялады.

Афганистандын коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө түштүктөгү Кандахар шаарынын Аргандаб аймагында талиптерге каршы кеңири масштабдуу операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди. Маалыматта аймактын көзөмөлгө алынып, 75 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди. 

Ошондой эле Забул, Кунар, Нангархар жана Тахар аймактарында талиптерге каршы тазалоо иштери жүргүзүлүп, ондогон террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.  

Кандахар полиция башкармалыгы да өз билдирүүсүндө жок кылынган террористтердин арасында Талибандын негизги  командирлеринин бар экендигин билдирди.

Талибандын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид борбор шаар Кабулдун Панжа Чынар аймагында жардыргыч жүктөлгөн унаалар менен жасалган тактикалык чабуулдарда 45 аскердин каза болгондугун  же жаракат алганын, коопсуздук күчтөрүнө таандык көптөгөн унаалардын жок кылынганын ырастады.



Тектеш кабарлар