АКШга өтүүгө аракет кылган иммигранттардын саны эң жогорку деңгээлде

Март айында АКШ-Мексика чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган иммигранттардын саны 171 миңден ашты.

1613923
АКШга өтүүгө аракет кылган иммигранттардын саны эң жогорку деңгээлде

Мексика чек арасынан Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) өтүүгө аракет кылган иммигранттардын саны март айында 171 миңден ашкандыгы жана бул сандын 2006-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экендиги белгиленди.

АКШда Жо Байдендин администрациясынын иммиграциялык саясатына шек келтирген Мексика чек арасындагы иммигранттардын кыймылдуулугу уланып жатат.

«Washington Post» гезитинин АКШнын Чек ара жана Бажы кызматынын (CBP) маалыматтарына таянып жазганына караганда, март айында АКШ-Мексика чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган иммигранттардын саны 171 миңден ашты.

Бул көрсөткүчтүн 2006-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экендигин баса белгилеген жетекчилер, январь айында Мексика чек арасында кармалган иммигранттардын саны 78 миң 442 экенин эске алганда эки айдын ичинде олуттуу жайылуу болгонун билдиришти.

Мындан тышкары март айында кармалган иммигрант балдардын саны февраль айына салыштырмалуу 99 пайызга көбөйүп 18 миң 800дөн ашты.



Тектеш кабарлар