Жалпы дүйнөдө 610 миллион дозадан ашуун Ковид - 19 вакцинасы берилди

Калктын санына салыштырмалуу ар бир 100 кишиге эң көп вакцина дозасы берилген өлкө Израиль болду.

1613648
Жалпы дүйнөдө 610 миллион дозадан ашуун Ковид - 19  вакцинасы берилди

Ковид-19га каршы эмдөө максатында дүйнө жүзү боюнча 610 миллиондон ашык доза вакцина колдонулду.

Калктын санына салыштырмалуу ар бир 100 кишиге эң көп вакцина дозасы берилген өлкө Израиль болду.

Израилде ушул кезге чейин колдонулган дозалардын саны өлкө калкынын санынан ашып, 100 кишиге эсептелген дозалардын саны 116,18ди түздү.

Израилден кийин 103, 8 доза менен Сейшеллдер, 84, 84 менен Бириккен Арап Эмираттары, 56, 29 менен Чили, 52, 53 менен Британия, 46, 7 менен Монако, 45, 94 менен АКШ, 45, 56 менен Бахрейн, 44 54 менен Мальдивлер келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда Түркияда бүгүндөн тарта 16 миллион 380 634 доза Ковид- 19вакцинасы берилди. Түркия жалпы вакцина саны жактан дүйнө өлкөлөрүнүн арасында6 -орунду алып, ар бир 100 кишиге түшкөн вакцина саны 17, 15 болду.

9 миллион 343 819 кишиге биринчи доза, 7 миллион 39 815 кишиге болсо экинчи доза вакцина берилди.

Вакциналардын континенттер боюнча бөлүштүрүлүшүндө Азия континенти 260 миллион 13 000 вакцина менен биринчи орунду алып андан кийинки орундарда 169 миллион 82 000 вакцина менен Түндүк Америка, 128миллион 66 000 вакцина менен Европа 128 турат.



Тектеш кабарлар