Тайванда поезд кырсыгы: 48 адам каза болду
350 жүргүнчүнү ташыган поезд жолдон чыгып кетти.
1613276
Тайвандын Хуалянь шаарында поезддин рельстен чыгып кетишинин натыйжасында 48 адам каза болуп, 118 адам жаракат алды.
Улуттук маалымат каражаттарынын Тайвандын Транспорт министрлигине таянып берген кабарына караганда, 350 жүргүнчүнү ташыган 8 вагондуу поезд Хуалянь аймагына кирген туннелде рельстен чыгып кетти.
Поезддин 4-5-вагондору олуттуу зыянга учурап, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана издөө-куткаруу топтору жөнөтүлдү.
Кырсыктан 48 адам каза болуп, 118 адамдын жаракат алгандыгы аныкталды.
Тайвандын лидери Цай Инг-вэн тиешелүү министрликтерден жана уюмдардан кырсык боюнча керектүү иликтөөлөрдү баштоону талап кылды.